Жаңылыктар
БШК: Саат 16:00гө карата шайлоонун жыйынтыгы
Шайлоо 2023
БШК: Саат 16:00гө карата шайлоонун жыйынтыгы

Саат 16:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 856 404 жаран добуш берди. Бул катталган шайлоочулардын 25,81%ын түзөт. 

Шаардык кеңештерге 254 732, айылдык кеңештерге 601 672 шайлоочу добуш берди. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн 2 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Добуш берүү тилкелери кечки саат 20.00дө жабылат.