Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Өлкө келечегин аныктай турган тандоо
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Өлкө келечегин аныктай турган тандоо

Бүгүн өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликти жана мамлекеттик башкарууда тартипти жогорулатууга багытталган жалпы элдик добуш берүү күнү. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешке жана Конституция боюнча референдумга добуш берген соң билдирди. Ошол эле учурда Мамлекет башчысы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек экенин белгиледи. Бул шайлоолор жыл башында өткөн президенттик шайлоолордогудай эле таза жана ачык өттү.