Бишкекте милиция добуш сатып алуу фактылары тууралуу иш козгоду. Борбор калаадагы №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун тилкедеги тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген. Милиция бул факты тууралуу Жоруктар кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.
Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан "Равон" үлгүсүндөгү унаадан үч жаран "добуш сатып алууга" шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда партиянын үгүт материалдары табылган. Ал эми экинчи жарандын капчыгынан 18 миң 700 сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.
Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда. Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоо жана референдумга добуш берүүдө түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын отузу тастыкталбагандыктан, иштен кыскартылган. Добуш берүүгө жалпы өлкө боюнча 370 байкоочу көз салган "Жалпы иш" коомдук уюму шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүздөн ашык учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында орун алган.