Жаңылыктар
Бишкекте "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт
Маданият
Бишкекте "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каныметовдун "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Ага ылайык, иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Жумакадыр Каныметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Либреттону акын Акбар Рыскулов жазган. Опера-дастандын башкы ролдорун театрдын солисттери аткарышат.