Бишкекте дагы эки шайлоо участогундагы имараттан тышкары жерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаадагы аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтуусунда, чечим "Клооптун" байкоочуларынын даттануусунун негизинде кабыл алынды. Буга чейин, шаардагы алты шайлоо участкасында көчмө добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. Бишкек шаарында добуш берүү үчүн жайдан тышкары жалпы 4 миң 990 арыз берилген. 10-апрелде 4 миң 1 шайлоочу добуш берген.