Жаңылыктар
Түп районунан балык уулоого кеткен 65 жаштагы жаран дайынсыз болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Түп районунан балык уулоого кеткен 65 жаштагы жаран дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Маяк айылынын 1956-жылы туулган тургуну 10-апрель күнү саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, учурга чейин издөө иштери жүрүүдө. 

11-апрель күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Түп районунун бөлүм башчысы, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, КР ИИМнен 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылды. 12-апрель күнү издөө иштери улантылат.