Бишкекте көчөдө аялды сабаган адам кармалып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде социалдык тармактарда көчөдө аялды уруп жаткан адам тартылган видео тараган. Ошол эле күнү болжол менен кечки саат 19:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Кустанай жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кызды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 34 жаштагы айым арыз менен кайрылган.
"Арыз ээсинин чала таанышы аны уруп, денесине зыян келтиргендигин билдирген. Окуяга шектүү делген адам “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаага отуруп, окуя болгон жерден качып кеткен", - деп билдиришти.
Милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына издеп табуу боюнча багыттама берилип, кылмышка шектүү 29 жаштагы жаран кармалып, Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.