Кыргызстандын баш мыйзамын кабыл алуу боюнча жалпы элдик добуш берүү 28 чет мамлекеттеги 48 шайлоо участкаларында өттү.
Жалпысынан, чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелеринде 3162 жаран добуш берди. Чет өлкөдөгү бардык тилкелерде шайлоо процесси мыйзамга ылайык бузууларсыз, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул жолку шайлоодо Кыргызстандан тышкары аймакта жүргөн шайлоочулардын тизмеси 9 117ге көбөйгөн. Чет өлкөдөгү референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине 58 мин 598 шайлоочу киргизилген.
Биринчи болуп Бишкек убактысы боюнча саат 3.00дө Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңсесинин аймагындагы шайлоо участогу ачылган. Акыркы болуп Вашингтондогу элчилигинин аймагында ачылган шайлоо участогу 12 апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06.00дө өз ишин аяктады.