Жаңылыктар
Балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча миң жылдыкты өнүктүрүү программасы ишке ашты
Ден соолук
Балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча миң жылдыкты өнүктүрүү программасы ишке ашты

2016-жылы Кыргызстан 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча миң жылдыкты өнүктүрүү программасынын талаптарын аткарууга жетишти.

Мындан тышкары  жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын санын кыскартууга жетишти. Ошол эле учурда жарандарга  сапаттуу медициналык жардам  көрсөтүү маселеси бар. 

Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин  жыйынында дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү  билдирди.