Борбордук шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу жыйынтыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү.
7 пайыздын ченден ашкан партиялар: "НДПК", “Биздин эл”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ынтымак”, “Ак-Бата” партиялары. Ал эми Ош шаардык кеңешине 4 партия өттү.
Алар, “Ынтымак”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ыйман-Нуру”, “Улуттар биримдиги элдик партиясы”. Белгилей кетсек, шаардык кеңештерде 45 мандат бар.