Жаңылыктар
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. 

12-апрелде жаап өткөн жаанга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука - Жаңыбазар - Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусу, Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусу, Ош - Сары-Таш унаа жолунун Талдык ашуусу жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү болушу ыктымал, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.