Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум ачык өттү. Мындай пикирин шайлоого көз салып турган 200 дөн ашык эл аралык байкоочулар маалымат жыйында билдирди.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Орусия менен Казакстандан келген байкоочулар, Ислам кызматташуу бирикмесинин, Түрк тилдүү парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөлөрү өлкөдө өткөн шайлоо өнөктүгүндө пандемияга карабай бардык коопсуздук нормалар так сакталгандыгын айтышты. Эл аралык байкоочуларга тоскоолуктар, чектөөлөр болгон жок.
Алар өлкөдө үгүт иштери жүргүзүлгөндөн баштап ар кайсы аймактарга талапкерлер менен шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзгөн. Республика боюнча 2435 шайлоо тилкесинен сырткары чет мамлекетте жайгашкан 48 участокто да эл аралык байкоочулар көз салып өнөктүктүн жүрүшүнө башынан аягына чейин күбө болгон. Электрондук негиздеги шайлоодо добуштардын ыкчам саналашына жана биометрикалык маалыматтардын ыңгайлуулугуна баа беришти.