Жаңылыктар
Теңир-Тоо жергесинде добуш берүү тынч өтүп, элдин катышуусу жогору болду
Кыргызстан жаңылыктары
Теңир-Тоо жергесинде добуш берүү тынч өтүп, элдин катышуусу жогору болду

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо жана жаңы баш мыйзамга добуш берүү боюнча референдумда Теңир-Тоо жергесинде Нарын шаары, Нарын району жана Ат-Башы райондорунда элдин катышуусу жогору болду. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн айтымында өнөктүк тынч өтүп, иш ыргагына кандайдыр бир тоскоолдук жараткан учурлар дээрлик катталган эмес. Ал эми облустагы жалпы 169 шайлоо тилкесинде Ички иштер башкармалыгынын 276 кызматкери тартипке көз салды. 

Мындан сырткары дагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 500дөн ашык тартип сакчысы күчөтүлгөн нөөмөттө туруп, аларга элдик кошуундар, милициянын ардагерлери, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери да жардамдашкан. Учурда дубан аймагында коомдук абал туруктуу.