Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн. 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, референдумга жалпы 1 млн. 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,8 пайызын түзөт. “Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн. 59 миң 476 жаран “макул” добушун берди.
Ал шайлоочулардын 79,24 пайызын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берген”, - деди ал. Шайлдабекова референдумдун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн 35 күн өткөн аралыкта айтыларын белгиледи.