Жаңылыктар
Республикалык штаб: жеке лабораторияларда жана медборборлордо ПЧР-тестирлөөнүн наркы төмөндөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Республикалык штаб: жеке лабораторияларда жана медборборлордо ПЧР-тестирлөөнүн наркы төмөндөтүлөт

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Кеңешменин алкагында өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал, ооруканаларды дары-дармек каражаттары, медициналык кызматкерлер, жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. 

Бүгүнкү күндө жеке лабораториялардагы ПЧР-тестирлөөнүн баасын 30%га, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу макулдашууга жетишилди. Айрым медицина борборлорунда калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20%га чейин төмөндөтүлөт, ошондой эле калкка аталган тейлөөнү көрсөтүү үчүн жеке борборлордо күнү-түнү күзөт аныкталган. 

Жакынкы айларга карай COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарына баалар турукташтырылат. Башка жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге бааны калыпка салуу боюнча иштер жүрүүдө. Артём Новиков ооругандарды көзөмөлдөө, аларды аныктоо боюнча мониторингдин жана оору жугузуп алган жактардын үй карантинин сактоосун көзөмөлдөө начар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. 13-апрелге чейин саламаттык сактоонун биринчи деңгээлиндеги медкызматкерлердин коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү боюнча ишинин алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды.