Жаңылыктар
Эл аралык космонавтика күнүнө карата №25 - орто мектептин айласына Ю.Гагариндин эстелиги ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык космонавтика күнүнө карата №25 - орто мектептин айласына Ю.Гагариндин эстелиги ачылды

12-апрель - эл аралык космонавтика күнүнө карата борбордогу №25-орто мектептин айласына планетанын биринчи космонавты Юрий Гагариндин эстелигинин ачылышы болду. 

Демилгени коомдук фонд көтөрүп чыгып, эстеликти аталган мектептин жанына тургузууну сунуштаган. Айкелге космонавттын кол тамгасы гана түшүрүлдү. Буга чейин Юрий Гагаринге арналган эстелик Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында космонавт эс алып кеткен жерге тургузулган. Анын ысымы өлкөдөгү бир катар мектеп, көчөлөргө ыйгарылган. Иш-чаранын аягында адам баласынын космос мейкиндигин багындырганына 60 жыл толушуна байланыштуу мектеп окуучуларынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

“Бул эстеликти Бишкек мамлекеттик университети менен “Саякбай манасчы” коомдук фонду белек катары мектепке беришти. Ал университеттин жанына коюлмак болчу. Бирок жамаат космонавттар күнүнө карата балдарга белек катары берип жатышат. Бул абдан жакшы. Биз демилгечилерге ыраазычылык билдиребиз. Иш-чарага Орусиянын элчиси да катышты. Биз ушул мектепке Ю.Гагариндин атын берүү тууралуу да сүйлөштүк”,- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева.  

“Эстеликти БГУнун айланасына эмес, мектептин тегерегине коюу тууралуу чечим чыгарганда абдан сүйүндүм. Себеби Юрий Гагарин балдар үчүн чоң булак болуп берет. Эстеликке эч кандай жазууларды түшүргөн жокпуз. Анын кол тамгасы гана келтирилди. Себеби Гагаринди билбеген адам жок”,- деп билдирди архитектор Олег Лазарев.