Жаңылыктар
Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө орозо кармоонун алгачкы күнү, же ооз бекитүү жылдырылды
Дүйнө
Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө орозо кармоонун алгачкы күнү, же ооз бекитүү жылдырылды

Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө айдын жаңырышы туура эмес эсептелип калгандыктан, орозо кармоонун алгачкы күнү, же ооз бекитүү жылдырылды. 

Сауд Арабиясынын Жогорку соту 11-апрель күнү жаңырган айды көрө албагандыктан, 12-апрелден тарта пландалган орозону жылдырды. 

"Кечээ айдын жаңырганы көрүнбөгөн соң бүгүн кечинде орозонун алгачкы күнүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтар чогулат. Сауд Арабиянын бул пикирин өздөрүнүн астрономдору жана диний аалымдары болгонуна карабай, башка араб өлкөлөрү дагы карманууда. Ошентип 12-апрель күнү Египет, Ирак, Тунис, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Йемен жана Оман мамлекеттеринин жарандары оозун бекитпей калышты", - деп айтылат кабарда. 

Учурда бул өлкөлөрдө орозо шейшемби же шаршемби күнү башталат деп болжолдонууда.