Жаңылыктар
Мексикада коронавирустан каза болгон бейтаптардын саны 210 миңге жакындады
Дүйнө
Мексикада коронавирустан каза болгон бейтаптардын саны 210 миңге жакындады

Мексикада COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 210 миңге жакындады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы сутка ичинде каза болгондордун саны 126га жеткен. 

Пандемиядан жапа чеккендердин жалпы саны 209 миң 338 адамды түздү. Акыркы 24 саат ичинде Мексикада 1 миң 793 адамда инфекция аныкталып алардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 2 млн. 280 миңге жетти. 

Ошондой эле учурда өлкөнүн өкмөтү таажы тумоосуна кабылгандардын чыныгы саны расмий белгилүү болгондон да алда канча көп болушу мүмкүн экендигин маалымдоодо.