Германияда акыркы суткада 13 миң 245 адамдан коронавирустун жаңы белгилери аныкталды. Ушуну менен аталган өлкөдө пандемиядан бери вирус жуктургандардын жалпы саны 3 млн. адамдан ашты.
Ал эми адам курмандыктары 78 миңден ашып кетти. Бир суткада 99 адам каза болду. Германияда калктын 15 пайызы же 12 млн. 700 миң жаран коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи баскычынан өттү. Ал эми эмдөөнү өлкөнүн 5 миллионго жакын калкы алды.