Жаңылыктар
Өлкөдө шайлоочулардын 79%дан ашыгы Конституциянын өзгөрүүсүн колдоду
Шайлоо 2023
Өлкөдө шайлоочулардын 79%дан ашыгы Конституциянын өзгөрүүсүн колдоду

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык, өлкөдө шайлоочулардын 79%дан ашыгы Конституциянын өзгөрүүсүн колдоду. 28 шаардык кеңешке шайлоодо 146 партиянын талапкерлери 7%дык чектен өттү.

Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жана баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча добуш берүүнүн 98 пайыз жыйынтыгы чыкты. Боршайком аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн, кол менен саналган маалыматтардын болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады. 

Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 жарым млндон ашык жаран кирген болсо, алардын 30 пайыздан ашыгы добуш берген.