Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңешке шайлоодо партиялар ортосунда атаандаштык күчтүү болду
Шайлоо 2023
Жергиликтүү кеңешке шайлоодо партиялар ортосунда атаандаштык күчтүү болду

Боршайкомдогу ыкчам чара көрүү тобуна партиялар тарабынан эрежелерди бузган 100дөн ашык даттануу келип түшкөн. Алар шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жараянын, добуш берүү купуялыгын бузуу, шайлоо күнү үгүт жүргүзүү, байкоочулардын укугун басмырлоо сыяктуу бузуулар. 

Бирок жалпысынан бул жолку шайлоодо массалык түрдө добуш сатып алуу же административдик ресурс колдонулган жок. Эл өз эрки менен болду. Адистердин айтымында, мурда терс ыкмалардын жардамы менен көрсөткүчтөр 50-60 пайызга барчу, 11-апрелдеги шайлоодо 30 пайыздан ашкан чек, добуш берүүнүн ачык-айкындыгын айгинелейт.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышып, шайлоочулардын 32,37% добуш берди. Шайлоо өнөктүгүндө тиешелүү органдардан тышкары партиялар арасында бири-бирине көзөмөл күчтүү болду. Байкоо жүргүзгөн адистер мамлекеттик органдар тарабынан добуш жыйноо үчүн талаптар коюлбаганын жана башка ыкмалар колдонулган жок деген пикирде.