Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенген 2 кызматкер батирлүү болду. Мындай кызматтык батир саламаттык сактоо кызматкерлерине алгач ирет берилди. Батирлердин ачкычын министр Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.
3 баланын энеси Мира Тургунбаева 23 жылдан бери социалдык кызматкер. Аз айлыкка карабай, күн-түн иштеген Мира айымдын эмгеги бааланып, 3 бөлмөлүү батирлүү болду. Айтымында, акыркы 15 жылдан бери балдары, неберелери менен батирден-батир алмаштырып жашап келген. Эми минтип мамлекет берген үйгө чоң үй-бүлөсү менен көчүп келди.
Саламаттык сактоо тутумунда эмгектенген Жазгүл Калмырзаева да кызматтык батирдин ээси болду. Ал бул тармакта туура 20 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. Бишкектин борборунда жайгашкан 2 бөлмөлүү батирге уулу менен көчүп келген айымдын кубанычында чек жок.
Кызматтык батир көп жылдык эмгек стажы бар, муктаж болгон кызматкерлерге тапшырылды. Тандоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, кызматкерлердин үй-бүлөлүк абалы, эмгек акысы да эске алынган.