Жаңылыктар
Жалал-Абадда шайлоо жана референдум тынч өттү
Шайлоо 2023
Жалал-Абадда шайлоо жана референдум тынч өттү

Жалал-Абадда техникалык майда мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, добуш берүүнү үзгүлтүккө учураткан жагдайлар болгон жок. Облустун аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү тынч өттү. Жалал-Абад шаары боюнча 3 партия жеңишке жетишти.

Жалал-Абад шаарында 5 партия ат сылышты. Ыйман-Нуру, Ата-Журт - Кыргызстан жана Өнүгүү партиясы 7 пайыздык босогодон өттү. АШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча, утуп чыккан партяларга бериле турган мандаттын болжолдуу саны белгилүү болду. Шаардык кеңешке 31 депутат тандалышы керек.

11-апрель күнү Жалал-Абад облусу боюнча 247 айылдык, 7 шаардык кеңештин депуттарына шайлоо өттү. 1 миң 352 мандатка 3 миң 609 талапкер ат салышты. Алардын миңге чукулу аялдар болду. Облус тургундарынын белгилөөсүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо атаандаштык менен таза жана ачык өттү. Шайлоочулар активдүү катышкан. Эми элдин үмүт-тилеги, жеңип чыккан депутаттар жигердүү кызмат кылып, жаңы кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү өнүгүү жолуна салса дешет.