Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 млн. 295 миң 943 жаран катышты. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын ичинен шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого 386 миң 365 жаран катышты, бул 36,82 пайызды түзөт, ал эми айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого 909 миң 578 жаран добуш беришкен, бул 40,09 пайызды түзөт.
“Өлкө боюнча 2273 шайлоо тилкеси ачылган, шаардык кеңештерге – 598 тилке, айылдык кеңештерге – 1675 тилке ачылган. 28 шаардык кеңеште 796 мандат бар. Шаардык кеңештерге шайлоого 236 саясий партия катышты, анын ичинен 146 партиянын талапкерлери 7 пайыздык чектен ашты”, - деди ал.