Жаңылыктар
Грузиялык оор атлетчи Лаша Талахадзе дүйнөлүк рекорд жаратып, Европа чемпиону болду
Дүйнө
Грузиялык оор атлетчи Лаша Талахадзе дүйнөлүк рекорд жаратып, Европа чемпиону болду

Грузиялык оор атлетчи Лаша Талахадзе дүйнөлүк рекорд жаратып, Европа чемпиону болду. Мындай ийгиликти Талахадзе бешинчи ирет удаасы менен багындырганын жергиликтүү басылмалар билдирет. 

11-апрелде, Москвада өткөн мелдеште ал эң оор атлеттердин жарышында 222 килограмм темирди жулкуп көтөрүп рекорд жаңырткан. Ал эми түртүп көтөрүүдө 263 килограммды багындырган. Анын жалпы көрсөткүчү 485 килограммды түздү. Талахадзе өзүнүн мурдагы көрсөткүчүнөн бир килограмм, ал эми жулкуп көтөрүүдө мурдагысынан дээрлик эки килограмм оор салмакты багындырган.