2021-жылдын 13-апрель күнү саат 07:00дө "Сосновка" жана “Арал” постунда киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 12-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана саат 20:00дөн тартып Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.