Жаңылыктар
Кикбоксинг боюнча кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти
Спорт
Кикбоксинг боюнча кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти

Түркиянын Анталия шаарында 8-11-апрель күндөрү өткөн «Turkish Open Kickboxing European Cup» 6 эл аралык мелдеште Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчулары 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңишти.

Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө Кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг чейинки салмактык категорияда Марат Мусаев тагынышты. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды. Белгилей кетсек, мелдешке 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышышкан.