Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында бажы кызматы 8,4 млрд. сом чогулткан жана белгиленген болжолду 87% аткарган.
Коронавирус пандемиясы жана ага байланыштуу товарларды өткөрүү боюнча чектөөлөр өлкөлөр ортосундагы соодага өзүнүн терс таасирин тийгизүүнү улантууда.
Импорттун көлөмүнүн төмөндөшү бажы төлөмдөрдүн көлөмүнө дагы таасирин тийгизди, бирок ошого карабастан өткөн жылдын 1-кварталына салыштырмалуу Мамлекеттик бажы кызматы 2,6 млрд. сомго көп бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган, өсүү темпи 2020-жылдын 1-кварталынын көрсөткүчүнө карата 144,5% түздү.