ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралдар менен ок-дарылар мыйзамсыз сакталган бүтүндөй арсеналын табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында саат 09:30 чамасында тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Автоунааны куралдарды сатууга шектелген Аксы районунун жашоочусу Д.Р. башкарып келе жаткан. Кароо жүргүзүү учурунда автоунаадан 7.62 мм калибрдүү СКС үлгүсүндөгү карабин (ок атуучу курал) табылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында дагы бир шектүү Аксы районунун 1951-жылы туулган Д.Энин жашаган жерине түнтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Алынган маалымат боюнча, үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын бүтүндөй арсеналы табылды: СКС үлгүсүндөгү карабин, 2 бирдик ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал, 2 бирдик 16 жана 12 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал, андан сырткары пневматикалык тапанча жана күжүрмөн куралдардын ар кандай тетиктери.
Ар кандай түрдөгү ок-дарылар табылып алынды: 30 даана 7,62 калибрдүү ок, 50 даана 5.45 калибрдүү ок, 37 даана майда ок атуучу куралдын октору, 16 жана 12 клибирдүү 40 ок жана 140 гильза менен күкүрт. Уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Андан сырткары үйдөн Кызыл китепке кирип, атууга уруксат берилбеген эки сүлөөсүндүн териси табылды. Ошондой эле, болжол менен баңгизаттарга окшош зат дагы табылып алынды. Бул боюнча дагы экспертизалар дайындалды.
Табылып алынган ок атуучу куралдар боюнча экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда ИИМдин Ош шаардык тргөө кызматы мындан аркы тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.