Жаңылыктар
Муфтийдин милдетин аткаруучу кыргызстандыктарды Орозо айы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтийдин милдетин аткаруучу кыргызстандыктарды Орозо айы менен куттуктады

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештер, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштарым! Сиздерди Улуу Орозо айы менен чын дилимден куттуктайм!

Кут, береке жааган ыйык айда ар бирибиз жакшы иштерди жасап, жаман адаттардан арылалы. Ар бирибиз оңолууга кадам таштап, терс адаттарыбыздан арылалы. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуп, кайрымдуулуктарды эселеп жасай турган ай. Пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла-Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандай сооп алат.

Урматтуу мекендешим! Орозо айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы. Бул күндөрү Орозонун касиети менен жыл бою өзүбүздүн кылган амалдарыбызды таразалайлы.

Келиңиздер! Улуу ай биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай болгондуктан күнөөлөрдөн арылып, жакшы иштерди жасоого, соопту амалдарды аткарууга умтулалы.

Урматтуу мусулмандар бир туугандарым! Жараткан Алла-Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирсин. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, токчулук ыроолоп, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бакыт, наристенин күлкүсү жаңырсын. Алла-Таалам элибизди жаман оорудан, бөөдө кырсыктан сактасын. Жаштарыбыз ыймандуу, кыздарыбыз уяттуу болсун. Дагы бир жолу ыйык, куттуу жана берекелүү Орозо айыңыздар маарек болсун!".