Жаңылыктар
Үч тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Үч тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды

Үч тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды. УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, "Баткен" бажысынын кызматкерлери менен биргеликте "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасын кармаган. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.

Такталган маалымат боюнча, аталган жүк Кыргызстандын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталды.

Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.