Жаңылыктар
Эл аралык чыгыш базары "Тюбетейка" маданий фестивалында кыргыз чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулады
Мекендештер
Эл аралык чыгыш базары "Тюбетейка" маданий фестивалында кыргыз чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулады

"Тюбетейка" фестивалында кыргыз чеберлери сунуш кылган экспозициялар москвалыктардын кызыгуусун жаратты. Көчмөндөрдүн турак жайы, салттуу кол өнөрчүлүк, дизайнердик кийимдер, белгилүү музыканттардын аткаруусу, окутуу сабактары көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Москвада Эл аралык Чыгыш базары "Тюбетейка" маданий фестивалы болуп өттү. Быйыл Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат берилди. Уздар, зергерлер, дизайнерлер жана музыканттар келген. Бул аянтча катышуучуларга өз элинин маданиятын, каада-салтын жана үрп-адаттарын көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.