Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту. 

Жолугушууда ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери жана жакынкы келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Президент өткөөл мезгилдин аякташын белгилеп, өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий процесстерге токтолуу менен ички саясий кырдаал турукташканын маалымдады. Садыр Жапаров өлкөдөгү шайлоо иш-чараларын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролун белгиледи. Ал Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик мамлекет башчысына жүктөлөрүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди. 

Мамлекет башчысы ЕККУ менен кызматташтыкка токтолуп, Уюмду коопсуздук жана кызматташтык маселелеринде тең укуктуу диалог үчүн маанилүү аянтча деп атады. Анын натыйжалуу мисалы катары ата мекендик шайлоо процессиндеги системалардын өркүндөтүлүшүн белгиледи. Кыргызстандагы этностор аралык саясаттын механизмдерин жана инструменттерин өркүндөтүү долбоорлорунун алкагында ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын бюросунун конструктивдүү ишин айтты. Кыргызстан ЕККУнун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берерине токтолуп, Уюмдун принциптери менен милдеттенмелерин толук сактагандыгын ырастады. Швеция менен мамилелерди эки жана көп тараптуу форматта өнүктүрүү зарылдыгын айтып, анын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына жана экология менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү экенин айтып, Уюм кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи. ЕККУнун артыкчылыктуу багыты болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-планын кабыл алган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген региондогу биринчи өлкөлөрдүн бири катары Кыргызстанды куттуктады. Климат жана анын коопсуздукка тийгизген таасири жөнүндө министердик декларация кабыл алуу пландары жөнүндө маалымдап, Кыргызстан бул демилгени колдоруна үмүт артты.