Кыргызстандын товар айлантуудагы тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-февраль айларында 800 млн. долларды түзүп, 2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 18,3%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.
Анын айтымында, муну менен катар экспорттук берүүлөр 25,5%га, импорттук түшүүлөр – 15% болгон. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен өз ара сооданын көлөмү 2021-жылы январь-февраль айларында 393 млн. долларды түзүп, 2020-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 12,9%га азайган.
Ошондой эле, экспорттук берүүлөр 17,1%га, импорттук түшүүлөр 11,6%га кыскарган. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүүнүн көбүрөөк көлөмү Россияга таандык - 68% жана казакстанга 29,3% туура келет.