Жаңылыктар
Ошто эпидемиологиялык кырдаал оорлошууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто эпидемиологиялык кырдаал оорлошууда

Ош шаарында эки мектеп окуучусунан коронавирус аныкталды. Алар менен байланышта болгон 80дей окуучу үй карантинине алынды. Мындан сырткары 100дөй бала пневмония менен балдар ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлер аталган шаарда эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп баратканын эскертет. Ушул тапта жугуштуу ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын 50 пайызынын абалы оор деп айтылууда.