Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча жыл башынан бери Өзбекстандан түз инвестициянын көлөмү 4,5 эсеге арбыган. Бул өлкөдөн Кыргызстанга экспорт пандемия маалында да токтогон жок. Экономикалык алака март айындагы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусунан кийин дагы бир топ өсүү жолуна түштү.