Жаңылыктар
Жеңил өнөр жайын колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңил өнөр жайын колдоо

Улукбек Марипов улуттук дүң продукцияны өндүрүүдө, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин чечүүдө, өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууда жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. Өкмөт жеңил өнөр жайынын өндүрүштүк дараметин, кубаттуулугун кеңейтүүгө, кластерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасоого ниеттенүүдө. 

Мамлекеттик органдарга ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, өндүрүштүк ишканаларды курууну жөнгө салуу, жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерине салыктык жеңилдиктерди берүү, ипотекалык насыялоо мүмкүнүчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кластердик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн кредиттик линияны бөлүү боюнча маселени иштеп чыгуу сунушталды. Өкмөт башчы мамлекеттик телерадиоканалдарда текстилдик индустрия ишканаларынын ишин кеңири чагылдыруу зарылдыгын белгиледи.