Жаңылыктар
Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты
Кылмыш
Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты

Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1970-жылы туулган жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. 

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартына караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелердин биринин терезесин сындырып, белгисиз адамдар кирип, ал жактан арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган И.Р. жана 1982-жылы туулган Ч.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.