Жаңылыктар
Жапаров: Бишкек баатырдын ысымы ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды
Кыргызстан жаңылыктары
Жапаров: Бишкек баатырдын ысымы ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды

Борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы өз сөзүндө, Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы баш калаанын тарыхындагы маанилүү окуя экендигин белгилеп, Бишкек баатырдын ысымы кылымдан кылымга аңыз катары эле айтылып тим болбостон, ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды деди. 

Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жерге оболу төбөсү ыраактан көрүнгөн күмбөз тургузулса, кийин соңунда "Пишпек-Ата коргону" аталып кеткен ал жер калайык калк сыйынган ыйык жайга айланып, тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, ушул процесс токтобой уланып жүрүп отуруп, акыры чоң шаар калыптанды.

Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылышууда. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда. Ал турсун анын чыныгы ысымы кандай болгондугу тууралуу тактоолор, жаңы версиялар жаралып, шаарыбыздын узак тарыхын изилдөөнүн бир багыты болуп калды. Бул изденүүлөргө ийгилик каалайбыз - деди мамлекет башчы.