Жаңылыктар
Товарларга навигациялык пломба колдонулат
Кыргызстан жаңылыктары
Товарларга навигациялык пломба колдонулат

Бажы кызматы товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ишти улантат.

Ушул жылдын февраль айында Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо үчүн жарыяланган тендер, Өкмөттүн курамынын кайра түзүлүүсүнө байланыштуу сынактык комиссиянын курамы өзгөргөндүктөн токтотулган. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн токтомуна конкурстук комиссиянын курамына тийиштүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Сынактык комиссия башталган ишти улантат жана келип түшкөн арыздарды ачып, карай баштайт. Биздин өлкөдө бирдиктүү Улуттук оператор тандалат, ал үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодадагы, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы ички соодадагы ташууларга байкоо жүргүзөт. Конкурстук тандоо аяктагандан кийин экинчи кварталдын ичинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү пландаштырылууда. Пломбанын милдети жүк ташууларды ыңгайлаштыруу болуп саналат. Пломбанын жардамы менен бардык кызыкдар тараптар ташууга байкоо жүргүзө алышат. Ошол эле учурда ал бажылык контролдоодо мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду четтетет. Мындан тышкары, пломба кошумча физикалык текшерүүлөрдү жокко чыгарат, ошону менен жеткирүү убактысын кыскартат, ошондой эле пландан тышкары ачылуудан корголгон.