Жаңылыктар
Мамлекетке чыккынчылык кылган Кыргызстандын жарандары кармалды
Кылмыш
Мамлекетке чыккынчылык кылган Кыргызстандын жарандары кармалды

Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тышкы жана ички коркунучтардан Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө, анын ичинде чет элдик атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо иштерине каршы туруу жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

 Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык кылуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

13-апрелдеги тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде, Кыргызстандын эки жараны кармалды. УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт. Кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.