Жаңылыктар
Жалал-Абад: ала качкан кызды талаага таштап кетишкен
Кылмыш
Жалал-Абад: ала качкан кызды талаага таштап кетишкен

Жалал-Абад шаарында никеге туруу максатында ала качып бара жаткан кызды каршылык көрсөткөндөн улам, талаага таштап кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма-сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү кечки саат тогуз жарымдар чамасында Сузак районунун Живпром айылында 17 жаштагы кызды үйүнүн алдынан өзүнө чала тааныш бала үч шериги менен биргеликте күч колдонуп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында ала качкан. 

Жалал-Абад шаарынын Дача тилкесине жеткенде кыздын каршылык көрсөткөнүнөн улам, аны талаага таштап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кечиктирилгис ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектүү адамдар аныкталып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Флаги блока: