Жаңылыктар
Кара-Жыгач айылындагы ашар жол менен бүткөн татаал жол
Аймак
Кара-Жыгач айылындагы ашар жол менен бүткөн татаал жол

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын эли үчүн быйыл өзгөчө жыл болду. Булар алыскы тоодогу үлүш жерлерине алып бара турган, узундугу 8 чакырымга жакын татаал жолду рекорддук мөөнөттө, болгону 2 айдан гана бир аз ашыгыраак убакытта ашар жолу менен куруп бүткөрүп алышты. Эң башкысы - "жаздын бир күнү жылга тете" - деген накыл сөздү эске алып, элге керектүү болгон жол салуу ишине эрте камынып, негизги жумуштарды кычыраган кышта бүткөрүшкөн.

Тоо башындагы 4 миң гектардан ашык үлүш жерлерге унаа каттай турган жол күнгөй бетке салынды. Кыш чилдеге карабай иштегендин акыбети кайтып азыр айылдыктар жазгы эгин себүү жумуштарына үлгүрүп калышты. Жол салуу жумушу былтыр 25-декабрда башталган болчу. 

Жаңы салынган жолдун узундугу 7 миң 700 метр болду. 

Мурда тоого чыга турган жол тескей бетте калды. Ал жакта кар ээрибей, жазгы эгин себүү жумуштарын бир айга кечиктирчү. Тескей бет сары топурактуу келип, жамгыр жааса унаа чыга албай, ал эми тоо башында калгандары кайра төмөн түшө албай кыйначу. 

Ушундай ири жолду курууда элдин башын бириктирип, аз эле каражатка бүткөрүүнүн сыры эмнеде?

Кара-Жыгач айылындагы элдин жол салуу демилгесин Кыргызстандын Жаңы айыл кыймылы өнөктөштөрү менен колдоп каражат таап берди. Тоо шартында салынган жолго заманбап жол белгилери да орнотулуп, жолду ого бетер көркүнө чыгарып койду. 

Жалпысынан жол салууга 2 жарым миллион сом каражат жумшалды. Айылдагы элдин биримдиги, ынтымагы менен калган кара жумуштары бүткөрүлгөн.