Жаңылыктар
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу "Дилгирим" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Санарип платформа кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Ал сөздөрдү бат өздөштүрүү үчүн сүрөттөр менен коштолуп, алган билимди бекемдөөгө оюндар да каралган.

Бүгүнкү күнгө чейин угуусу начар жана керең балдар орус тилиндеги китептер аркылуу гана билим алып келген. Эми 30 жыл мурда жарык көргөн “Звездочка” китебинин үлгүсүндө толуктоолор менен "Дилгир" окуу китеби даярдалууда. Окуу куралы бир эле мезгилде орус жана кыргыз тилдеринде сунушталып, эки тилде тең окутуунун бирдиктүү ыкмасын киргизүүгө мүмкүндүк берет.