Жаңылыктар
Быйыл Талас драм театрынын курулушу бүткөрүлөт
Маданият
Быйыл Талас драм театрынын курулушу бүткөрүлөт

Быйыл К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу бүткөрүлөт. Бул туурасында Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барган Премьердин театрдын курулушунан кабар алуу учурунда маалымдалды. 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, курулуш-монтаждоо иштери 2008-жылдын июль айында башталган. Бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 113 млн. сомду түзөт.

«Бүгүнкү күнгө карата иштин 75% бүткөрүлгөн, аны жыйынтыктоо үчүн болжол менен 65 млн сом керектелет», – деди Турдубек Мамбетов. 

Премьер-министр белгилегендей, өлкө Президенти тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылы катары жарыялануусу алкагында бардык маданий объектилер, анын катарында Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу жыйынтыкталышы тийиш. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков андан соң Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. 

375 орунга ылайыкталган мектептин курулуш иштери 2018-жылы аяктайт. Быйылкы жылы Талас облусунда төрт социалдык объектини пайдаланууга тапшыруу пландаштырылууда.