Жаңылыктар
Баткен облусундагы Кара-Жыгач айыл эли өз күчтөрү менен рекорддук мөөнөттө жол курушту
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусундагы Кара-Жыгач айыл эли өз күчтөрү менен рекорддук мөөнөттө жол курушту

Баткендин Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын эли үчүн быйыл өзгөчө жыл болду. Булар алыскы тоодогу үлүш жерлерине алып бара турган, узундугу 8 чакырымдык татаал жолду рекорддук мөөнөттө, болгону 2 айдан ашыгыраак убакытта Ашар жолу менен салып алышты. 

Эң башкысы - "жаздын бир күнү жылга тете" - экенин эске алып, элге керек жолду салууга эрте камынып, негизги жумуштарды кычыраган кышта бүткөрүшкөн. Баткендин Кара-Жыгач айылында чоң майрам. Айылдын эли кышы бою суукка карабай иштеп, эки жарым айдын ичинде адам суктангыдай жол салып алышты.