Жаңылыктар
А. Крестинин Япония менен боло турган оюн, Кожо Жоэл, Эрбол Атабаев тууралуу айтып берди
Спорт
А. Крестинин Япония менен боло турган оюн, Кожо Жоэл, Эрбол Атабаев тууралуу айтып берди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-апрель күнү маалымат-жыйында курама команданын алдыдагы оюндары, футболчулардын абалы жана башка көптөгөн кызыктуу суроолор боюнча журналисттерге жооп берди.

-  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы сиздин башкарууңузда бир канча рекорддорду койду. Бирок курама командабыз узак убакытка чейин оюн өткөрбөй, бул жагынан да рекорд коюлду. Эмне үчүн оюн өткөрүлгөн жок, кененирээк айтып берсеңиз. Сунуштар болдубу, буга оюнчулардын көз карашы кандай, деги эле беттеш өткөрүү планы болдубу?

А.К: Албетте, пландар болду. Ал тургай, сүйлөшүүлөргө жакын барды. Бирок, биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө байланыштуу баары эле биз менен сүйлөшүүнү каалаган жок. Мисалы, Япония курама командасы бизге 25-мартта Японияда оюн өткөрүүнү сунуш кылды. Бирок биз буга даяр эмес болчубуз. Себеби виза жасаганга да жетишпей калмакпыз. Ушундай эле абал Казакстан менен болду. Алар 24-мартка сунуш кылышты, ФИФАнын датасы 22-мартта башталмак. Биз даярданганга да жетишпей калат элек. Мына ушул себептерден улам оюн өткөргөн жокпуз. Бардыгы эле кошуналар оюн өткөрдү деп жатышат. Силерге суроо: канча улуттук курама команда февраль айында ойноду? Дүйнөдө 4 курама оюн өткөрдү. Анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан бар. ФИФА бул даталарды койгон жок. Алар федерациялар аралык сүйлөшүү аркылуу болду. Өзбекстанда негизги курамда көбүн эсе жергиликтүү оючулар ойноду. Тажикстанда дагы ушундай эле абал. Бирок кеп башкада. Мыйзам боюнча клуб оюнчуларды коё бербөөгө укугу бар. Биздин өлкөдө дагы башка мамлекеттен келген оюнчулар ойнойт. Ошол эле, “Алай” же “Абдыш-Атаны” айтсак болот. Алар футболчуларды коё бербейт болчу. Себеби оюнчу алдыдагы оюндарга даярдык көрүшү керек. Экинчиден чет элдик клубдар футболчуларды такыр бошотпойт болчу. Ал эми биздин команданын жарымы чет элде жүрөт. Анан биз кантип ойнойбуз? Февраль айында кантип оюн өткөрөбүз? Мына ушундай маселе болду да. Ал эми ар кайсы командалар менен оюн өткөрүү боюнча сөздөр болгону чын. Бирок алардын баары 25-мартка чейин болду. Балким, 29-30-мартка туура келсе виза жасаганга жетишип калат элек. Ал эми бизге эч бир команда келүүнү каалаган жок. Биз сунуш кылдык, бирок эч ким каалаган жок. Ошондуктан бул абал 90% бизден көз каранды болгон жок. Ал эми мүмкүнчүлүк болгондо биз ойнойт элек, дүйнөнүн кайсы жагында болсо да.

- Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагындагы боло турган беттештер жана команданын даярдыгы тууралуу айта кетсеңиз?

А.К: Мен сиздерге 90% планды айтып берейин. Себеби калган 10% кайсы шаарга барып оюн өткөрөбүз, азырынча белгисиз. 30-июнда учуп кетишибиз керек,1-июндан тартып машыгабыз, кайсы шаарда азыр белгилүү эмес. Ал эми 7-11-14-июнь күндөрү беттештер орун алат. Максатыбыз - максималдуу түрдө аракет кылуу. Мейли чоң эмес болсун, бирок шанс бар, реалдуу десек деле болот. Биз атаандаштык көрсөтө алабыз.

- Алдыдагы беттештерден улуттук курама командада жаңы оюнчуларды көрө алабызбы?

А.К: Эми жакынкы 2 айдагы беттештерге айта албайм. Сиздер жаңы оюнчулар деп кантип айтып жатасыздар? Биздин командада негизи канча оюнчу бар? 23 оюнчу булар чакырылгандар, ага кошумча 10дой адам. ФИФАнын эки датасында ушул 23 оюнчу эле болгон учур каттала элек болсо керек. Анан ким жаңы, ким эски деген суроо туулат. Мен билбейм, кимдин даяр болот. Мисалга алсак, азыр улуттук курама командага ойной турган эки талапкердин жаракаты бар. Кантип алдын алуу керек? Дагы бир жолу айтайын бул клуб эмес, бул улуттук курама. Клубда алдын ала маалымат берсе болот. Ал эми улуттук курама командада ден соолугу, даярдыгына карап чакырылат. Бул биринчи маселе. Экинчиси футболчулар четке чыгып оюн өткөрүшөт, жаңы деңгээлге чыгышат. Биз аларга көз салып турабыз, жаштарды, чоңдорду карайбыз. Ошол эле, Алыкулов, Шүкүров мисал. Ким эл аралык деңгээлде жакшы оюн, атаандаштык көрсөтсө чакырылат. Команда мыктылардан түзүлөт. Мен түшүнүп турам, команда 1,5 жылдан бери оюн өткөрө элек. Азыркы күндөгү жалпыланган оюнчулардын тизмеси негизинен былтыркыдай эле түзүлдү. Ошого карап визага да жөнөттүк. Бул жылы да фамилиялар кошулду. Дарбазачылар менен кошо жалпы 36 адам.Ошол себептен ким жаңы, ким эски деген башкача болуп калат. Бул жерде ким жакшырды, башка деңгээлге чыкты деген суроо бар. Мисалы, мурдагы жылдагы Алыкулов менен азыркы Алыкуловдун айырмасы бар. А негизинен бардыгына көз салып турабыз. Жаш оюнчулардын четке чыгып жатканы жакшы. Ошол эле, Батырканов, Шүкүров, Жакыпалиев бул жакшы жышаан. Мурда 50-50 болчу, азыр оюнчулар өздөрүнүн клубунда ишенимдүү ойноп жатышат. Каныбеков да Чехияда негизги курамда ойноп жүрөт. 1,5 жыл мурун Түркияда жаштар арасында жүрчү. Азыр эми башка оюнчу.

- Чет жактагы оюнчуларга көз салабыз деп жатпайсызбы, алардын арасында биз билбеген оюнчулар дагы барбы? Биздин жарандыкты алган?

А.К: Ооба, андай оюнчулар бар. Учурда паспорт алып, ФИФАдан дагы ырастоо алды. Ал Германияда жашаган Николай Давыдов, 1998-жылкы. Эми улуттук курама үчүн оюн өткөрө алат. Андан сырткары, жаштардан, чоңдордон дагы оюнчулар бар. Бирок алар ар кандай себептер менен жарандык ала албай жатышат.

- Улуттук кураманын алдыдагы үч оюну бири-бирине жакын болгону оюнга таасир этпейби?

Биринчиден жакшы жагы оюндун бир жерде болгонунда. Себеби үч оюн үч башка жерде болсо кыйын болуп калмак. Азиядан башка жакка учуу, сааттардын алмашуусу сыяктуу көйгөйлөр бар. Ушул жагынан жакшы. А бирок үйдөгү оюнга баары бир жетпейт.

- Кожо Жоэл жарандык алып, курама үчүн оюн өткөрүүсүнө кандай көз караштасыз, керекпи же кереги жокпу?

Албетте, керек. Эмне үчүн Давыдов керек дагы, Кожо кереги жок? Бизге жакшы ойногондун баары керек. Бизде футболчулар аз эле. Ооба, жаштар өсүп келе жатат, аларга да ишенебиз. Кожо албетте, командага күч бермек. Бирок, менин маалыматым боюнча, 5 жыл болуш үчүн Кожо азыркы жана кийинки жылды Кыргызстанда жашашы керек. Ал дагы жаш оюнчу, курамага кошсок болот. Мен бул тууралуу Кожо менен сүйлөшкөм, ал негизи макул. Учурда жаракат алып, дарыланып жатат.

- Эрбол Атабаевге көз салып турасыздарбы?

Албетте, көз салып турабыз. Бирок азыр ал эч жерде ойнобой эле. Учурда Эрболдун чоң көйгөйлөрү бар. Мурда деле бар болчу. Себеби Испанияда жашоо оңой эмес, арзан дагы эмес. Биз анын көйгөйлөрүн түшүнүп жаштар курамасына келип ойно деп деле кыйнаган жокпуз, анткени оор болуп турат. Бирок биз көз салып жатабыз.

Белгилей кетсек, 7-июндан 15-июнга чейин Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан Япония, Монголия жана Мьянма өлкөсү менен ойнойт. Учурда биздин курама команда турнирдик таблицада 7 упайы менен 3-орунда келе жатат. Японияда 12, Тажикстанда 10 упай бар.

Буга чейин улуттук курама команда төмөндөгү оюндарды өткөргөн:

— Кыргызстан – Тажикистан 1:1;

— Кыргызстан – Япония 0:2;

— Монголия – Кыргызстан 1:2;

— Кыргызстан – Мьянма 7:0;

— Тажикистан – Кыргызстан 1:0.