Жаңылыктар
Шаар тургундарынын баамында акыркы жылдары Бишкек көзгө урунарлык деңгээлде өнүктү
Кыргызстан жаңылыктары
Шаар тургундарынын баамында акыркы жылдары Бишкек көзгө урунарлык деңгээлде өнүктү

Бишкек шаары - Кыргызстандын борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү. Ордо калаа өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, негизги унаа түйүнү. Азыркы учурда баш калаа жаңы жашоого толугу менен умтулуп, эркин ишкердик шарттарда алга карай кайра түзүлүүдө. 

Республиканын эң чоң жана өнөр жайлуу шаары Бишкек - Гүлсара Сүйүнбаеванын төрөлүп өскөн жери. Бала кезинен дал ушул бак-дарактуу жашыл шаарда чоңойгон Гүлсара айым, качан карабасаң да көп кабаттуу үйдүн терезелеринен болуп көрбөгөндөй кооздуктагы көздүн жоосун алган тоолорду көрөт. Айтымында жашыл өң советтик доордогудай жыш болбосо да шаар анын көрктүү толкундарына чөмүлгөн.