Жаңылыктар
Шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн натыйжасында түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн натыйжасында түзүлөт

Шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн натыйжасында түзүлөт. Бул боюнча протокол шайлоо участкаларынын мүчөлөрү тарабынан даярдалып эки көчүрмөдө болот. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоодон кийинки 20 календардык күндөн кем эмес аралыкта шайлоо тилкелеринен келген протоколдун негизинде жыйынтыкты чыгарат.

Шайлоо мыйзамына ылайык, мындан ары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө бардык жол-жоболор сакталышы керек. Тагыраагы, шайлоо участкаларындагы добуштарды саноо жана арыз даттанууларды кабыл алуу. Макул болбогон тарап, тилкедеги чечимге аймактык шайлоо комиссиясына үч күндүн ичинде даттанууга мүмкүн.