Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Эксперттик тобунун сегизинчи жыйыны жана жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында министрлер, жогорку кызмат адамдарынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын максаты тыгыз маалымат алмашуу, түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен телеканалын ачуу, контент түзүү зарылдыгы болду.
Түрк тилдүү элдердин тарыхы, маданияты жөнүндө биргелешкен тасмаларды даярдоо, эл аралык түрк каналынын жаңылыктар кызматын түзүү аркылуу саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү зарыл. Анда маалыматты үчүнчү тараптан эмес, түз алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.